Түптө эки күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды

Түптө эки күндөн бери дайынсыз болуп изделип жаткан жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ӨКМнын маалымат кызматынан 29-декабрда кабарлашты. Маалым болгондой, 27-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Төлөгөй айылынын тургуну 1974-жылы туулган А.Н.Ж. аттуу жаран айылдын четиндеги кашарга барам деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан.

"29-декабрь күнү Түп району боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жана бөлүмдүн офицери, Түп РИИБинин 37 кызматкери, жергиликтүү тургундардан 30 адам издөө үчүн чыгышкан. Саат 13:00 чамасында дайынсыз болуп жаткан адамдын жансыз денеси Кең-Суу айылынын түштүк тарабынан табылды. Анын жансыз денеси Түп РИИБинин кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Rusbek1987
2017-12-29 16:53:04
Атын толук жазбайсынарбы.
+2
raykray
2017-12-29 17:14:41
АНЖ
+1
Kg.arts.
2017-12-29 22:51:47
Киши колдуубу же, кырсыктаганбы озу толук жазсанар.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан