Депутат Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран аны менен тааныш болгон эместигин, бир гана жолу жолугушканын айтканын SUPER.KG'ге ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалым болгондой, кармалган адам буга чейин карактоо, бейбаштык, уурулук сыяктуу кылмыш иштеринин негизинде 4 жолу соттолгон.
"Улан Саляновдун өлүмүнө шектелип кармалган жаран буга чейин 4 жолу соттолгон. Алдын ала белгилүү болгондой, Улан Саляновду өлтүргөндөр анын акыркы 7 жылда унаа сатып иштегендигин, үйүндө акча бар экендиги боюнча маалыматка ээ болуп, карактоо максатында барышкан. Бирок алар акча талап кылганда маркум менен уруша кетишип ок чыгарып жиберишкен", - деп билдиришти ИИМден.
Кармалган адам 28-декабрда маркумдун үйүнө барып окуя кандай болгонун тергөөчүлөргө көрсөтүп берген.
Учурда Саляновдун өлүмүнө шектүү башка адамдардын аты-жөнү такталып, издөө иштери улантылууда.
ИИМдин маалыматы боюнча, 27-декабрь күнү кечинде Саляновдун өлүмүнө шектүү катары 1986-жылы туулган Бишкек шаарынын Э.О. аттуу тургуну кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Шектүү кармалган учурда анын жанынан Салянов атылган "Макаров" тапанчасы 17 огу менен табылган.
"Шектүү алдын ала сурак учурунда күнөөсүн моюнуна алды. Анын жанынан табылган тапанча экспертизага жиберилди. Учурда Саляновдун өлүмүнө катыштыгы бар адамдарды кармоо үчүн издөө жана тергөө иштери улантылып жатат", - деп билдиришкен ИИМден.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 6-ноябрына караган түнү депутат Аида Салянованын 42 жаштагы иниси Улан Саляновду Бишкекте белгисиз адамдар өз үйүнөн атып кетишкен.