Египетте чиркөөгө болгон чабуулдан 10 адам каза болду

Кечээ, 29-декабрда Египеттин Хелуан шаарчасында копт христиандарынын чиркөөсүнө чабуул болуп, окуя болгон жерде 10 киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, чиркөөгө кол салган адамдардын бирөөсү окуя болгон жерден каза болгон. Ал эми чабуулга катышкан экинчи адам окуя болгон жерден качып кетип, бирок көп өтпөй колго түшкөн.

Чиркөөгө чабуул кылгандар, беш полиция кызматкерин атып жарадар кылып, туш келди ок чыгара башташкан. Азырынча кылмышка эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок өзүн "Ислам мамлекети" деп атаган топ буга чейин копт христиандарына каршы бир нече теракт уюштурганы белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baiana
2017-12-30 09:53:56
Али мусулмандардын мечитин жардырып ,али христиандардын чиркөөсүн .Эптеп эле уруш чыгара албай калышыптыр да бул ""уруш уюштургучтар "Ортодо карапайым эл эле кыйналды ,качан токтошот экен .Аллах жазалаарын берсин .
+1
nuri1
2017-12-30 11:34:28
Жакында оч алмай башталат. Динине, рассасына, улутуна карап болуну-озун озу жок кылуу дегенди билдирет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан