Ырчы Акбар Сүйүнбаев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду

Кыргыз эстрада ырчысы Акбар Сүйүнбаев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисине ээ болду. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына билдирди.

"Бүгүн таң эрте Маданият, маалымат жана туризм министрлигине чакырып "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин тапшырышты. Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Жаңы жыл алдындагы эң жагымдуу белек болду десем болот", - деп билдирди ырчы.

Ошондой эле ырчы бул наамды алыш үчүн тиешелүү документтерди 2 жыл мурун тапшырып койгонун, бирок ушул жылы берилерин күтпөгөнүн кошумчалады.

Кыргыз эстрадасында өз орду бар ырчы Акбар Сүйүнбаев элге өзүнүн "Сезим", "Махабатым" аттуу ырлары менен белгилүү болгон. Сүйүнбаев өзүн ырчы гана эмес актёр катары да көрсөтө алган, ал "Достор", "Класссташтар" жана башка тасмаларда ролдорду жараткан.

Белгилей кетсек, Акбар Сүйүнбаев 1985-жылы 15-февралда Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Семиз-Бел айылында туулган. Аталган айылда 8-класска чейин окуп, андан соң Кочкор райондук №15-кесиптик лицейинде ветеринардык окуу жайын аяктаган. "Супер-Инфонун" версиясы боюнча "2006-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
shumkar929292
2017-12-30 13:17:20
Бул акыркы маалда ырдабай деле калганго
+6
Kojo1995
2017-12-30 15:09:34
Бул сыймык сыймыкка татыктуу эле адам, анткени озү көп ырдабаса дагы жакшы ырларды обондорду жазат
+1
ady-88
2017-12-30 13:47:02
Акбардын мен мектепти бутуп жаткан жылдары тагыраак 2007жылы махабатым деген ыры чыккан эле андан бери он жылдын жузу болуп жатат. Ошого Эми маданыяттын мыкты кызматкери болдубу.
+2
trabzon11
2017-12-30 13:53:46
Калп айтпасам бул обончу беле.коп ырчылардын ырынын обону созу ушул ырчыныкы беле.
+3
muslim87
2017-12-30 14:32:21
Сыйлыгы кут болсун. Ушул төш белгилердин да баркы кетти көрүнгөнүнүн төшүнө тага берип. Маданият кызматкери деп Тынарды, Абдылданы, Бекти, Сыймыкты, Гүлжигитти, Гүлнурду айтса болот. Ушуларга бербейби
+7
Mart19
2018-01-01 17:32:03
Бир кезде 1-2 ыр ырдап коюпле алып алыптырбы сыйлыкты баркы кетиптир да сыйлыктын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан