Санкт-Петербургда болгон жардырууну “Ислам мамлекети” эл аралык террордук уюму моюнуна алды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 27-декабрда Санкт-Петербург шаарында жайгашкан "Перекрёсток" дүкөнүндө болгон жардырууну “Ислам мамлекети” эл аралык террористтик уюму моюнуна алган. Бул жардырууну “Ислам мамлекетинин" өкүлдөрү уюштуруп ишке ашырышкан.
Эскерте кетсек, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жардыруу болуп 10 адам жаракат алып анын ичинен төртөө ооруканага жеткирилген. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жаткандыгын Орусиянын Ички иштер министрлиги билдирген.