Орусиянын коопсуздук боюнча федералдык кызматы Санкт-Петербург шаарындагы дүкөндө болгон жардырууга шектүү адамды колго түшүрдү. Бул тууралуу Орусиянын жалпыга маалымдоо каражаттары аталган кызматтын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
"Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Санкт-Петербургдагы "Перекресток" дүкөнүндө орун алган жардырууну уюштурган жана аны ишке ашырган адам 30-декабрда колго түштү. Ал жардырууну колго жасалган жарылуучу каражаттын жардамы менен ишке ашырган", - деп жазышат.
Колго түшүрүлгөн шектүүнү Орусия Федерациясынын Тергөө комитетине өткөрүп беришкен.
Эскерте кетсек, бул кылмыш иши 27-декабрда орун алган. Жардыруунун жыйынтыгында 18 адам жабыркап, учурда 9 адам ооруканадан чыгарыла элек. Ал эми бул окуяга террордук акт деген баа берилип, аны "Ислам мамлекети" тыюу салынган террордук тобу ишке ашыргандыгын моюнуна алган.