Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука районунун 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айылдарында 28-декабрда катуу шамал болуп, анын кесепетинен 530 үйдүн жана 17 социалдык объектинин чатыры бузулду. Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ылдамдыгы секундасына 30 метрге жеткен шамалдын кесепетинен улам 6 миллион сомго жакын чыгым келтирилген. Муну менен катар бороон-чапкын болгон аймактарда электр жарыгы өчүрүлгөн.
30-декабрда өткөн Жогорку кеңештин кезексиз жыйынында депутаттар өкмөткө каттуу шамалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча тапшырма беришти.