Өтүп бара жаткан Тоок жылы кубанычтар менен катарлаш түрдүү кырсыктар, кылмыштуу иштер менен да коштолду. Тыйындын эки бети болгондой эле, калың элди кайгыга салып, мүңкүрөткөн кырсыктар, тилекке каршы, орун алды.
Кырсык алып келген 16-январдын таңы
16-январь. Таттуу уйкуда жаткан Курулуш башкармалыгынын дачалары тилкесин кырсык басты. Жүк ташыган Боинг 747 үлгүсүндөгү учак Гонконгдон келе жаткан. Аэропортко конордо тилкеге жетпей Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) айылына кулаган. Кырсыктан 35 Кыргыз жараны, учактагы 4 экипаж мүчөсүн кошкондо жалпы 39 адам өз өмүрү менен кош айтышты. Ал эми кырсыктан ар кандай жаракаттарды алгандар жана ошондой эле учактан аккан күйүүчү майга ууланган делип 30га жакын адамдар жана жаш балдар ооруканаларда жатып дарыланып чыгышты. Ал эми учактын ичинде болсо электроника, тиричилик техникалары сыяктуу жүк болгон. Учактагы 85 тонна жүк кимге таандык экенин иликтөө үчүн Жогорку Кеӊеш кырсыктан 3 күндөн кийин депутаттык комиссия түзгөн. Курамында Жанар Акаев, Канат Исаев, Алмаз Баатырбеков, Мирлан Бакиров, Мыктыбек Абдылдаев, ошол кездеги депутат Өмүрбек Текебаев, Максат Сабиров жана башка депутаттар кирген. Комиссия өз ишин жыйынтыктады деп, 28-июнда жарыялады.
Ошол эле күнү, кыйраган Боинг учагындагы жүктү иликтөөчү депутаттык комиссия жүк жеке адамга таандык болгон эмес деген жыйынтык чыгарды.
"Учакта болгон 83 тоннадан ашуун жүктүн 1 миң 910 килограммы Кыргыз мамлекети үчүн болгон. Калганы башка өлкөлөргө таандык. Комиссия бул иликтөөнү аягына чыгаруу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма берди", - дешкен комиссиядан.
Бул аралыкта Башкы прокуратура жана УКМК башка иштерден бошогон жок. Кандуу жүктүн арты менен "Ата Мекен" партисынын юристтери, "Азаттык", "Заноза", "24 кж" маалымат агенттиктеринин, журналисттер Нарын Айып, Дина Маслованын үстүнөн сотко арыздар түшүп, алар экс-президент Алмазбек Атамбаевге жүк тууралуу жалаа жапты делип соттолушуп, айрымдары миллиондогон айып пулга жыгылышты.
Аюу айылын көрүстөнгө айландырган жер көчкүлөр
29-апрель күнү, эртең менен саат 06:40 чамасында Өзгөн районунун Заргер айыл өкмөтүнө караштуу Аюу айылында көлөмү болжол менен 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, 7 турак үйдү басып калган. Анын ичинен 1 турак үйдө эч ким жашаган эмес. Кырсыктан 24 адам жер көчкүнүн астында калган. Тирүү табылып калышабы деген үмүт менен издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтык берген жок. Кийинчерээк 24 адамдын 5өөнүн жансыз денелери табылып, жерге берилди. Калгандарын ошол жерге жаназасын окуп, аймакты көрүстөнгө айландырып калтырышты. Көчкү кырсыгы ушуну менен эле токтоп калган жок. Аюу айылынан тышкары Курбу-Таш, Жалпак-Таш, Маркс айылдарында да жер көчкү 10догон үйлөрдү жана социалдык объектилерди басып калган. Кырсыктан жабыркагандар, бактыга жараша, болгон эмес.
Жол кырсыктары
Быйыл жол кырсыктарынан жаракат алгандардын санын тегеректей турган болсок, 1000ге чамалады. Арасынан баса белгилеп айтайын деген менен жол кырсыктардын саны өтө эле көп болду. Акыркы айлардагы эле жол кырсыгын эске алсак, 5-ноябрда Бишкекте 3 автоунаа сүзүшүп, 5 адам каза тапкан эле. 6-ноябрга караган түнү Бишкек-Ош трассасында Хонда жеӊил унаасы оор жүк ташуучу унаа менен кагышып, 10 адамдын өмүрү кыйылды. Арасында балдар бар. 6-ноябрда Бишкек - "Манас" аэропорту жолунда жеӊил унаа жолдон чыгып кетип, 4 адам ажал тапты.
Ички иштер министрлигинин 11 айынын жыйынтыгына таянсак, 11 айда 5 852 жол кырсыгы катталып, натыйжада 820 адам каза болуп, 8 934 адам жаракат алган. Ал эми балдар катышкан 1 326 жол кырсыгы катталып, 94 бала каза болуп, 1 900 жашы жете элек бала жаракат алган. 6 миллион калкы бар өлкө үчүн бул көрсөткүчтөр акылга сыйбаган көрүнүш.
Каза болгон маркумдардын арасында өлкөнүн мурдагы вице-премьер министри Темир Жумакадыров да бар. Ал 7-октябрда эртең менен саат 07:30 чамасында Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө жол кырсыгына учураган. Анда КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.
Абактан качуу...
27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткендигин Чүй ОИИББи шашылыш кабарлады. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип камакта отурушкан. ИИМ жана Чүй ОИИББи тарабынан ыкчам изилдөө иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу. Абактан качуунун эртеси күнү укук коргоо кызматкерлери алардын экөө кармалды. Андан 1 күн өткөндөн кийин 29-ноябрда качкан адамдардын дагы бири кармалса, 1-декабрь күнү алардын төртүнчүсү колго түшкөн.
Абактан качкан 4 адамга кийин 4-декабрда 336-берене (эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.