Орусиянын Южно-Сахалинск шаарында жаңы жылдык кече өтүп жатканда балаты өрттөнүп кетти

Орусиянын Южно-Сахалинск шаарындагы балаты жаңы жылдык кече өтүп жаткан учурда өрттөнүп кеткени тууралуу маалыматтар алгач интернет тармактарда видео, сүрөттөр менен тарай баштаган.

Тараган видеолордун биринде жаңы жылдык кеченин алып баруучусу шаар тургундарын балатыга жакын барбоого үндөп жатканын көрүүгө болот.

Жергиликтүү бийлик орус басылмаларына бул иш боюнча иликтөөлөр жүрө турганын билдирген.

"Бул факт боюнча шаар мэри Сергей Надсадиндин буйругу менен жумушчу топ түзүлдү. Алар кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүп, окуяга күнөөлүүлөрдү табышы керек", - деп билдирген жергиликтүү бийликтин маалымат кызматы.

25 метр бийиктиктеги балаты декабрдын орто ченинде орнотулган. Алдын ала маалыматтар боюнча өрттүн кесепетинен жабыркагандар болгон эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын борбору Астана шаарына орнотулган башкы балаты күйүп кеткени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik4554
2018-01-01 12:22:29
Менин жумушума жакын жердеги балаты эле раматылык болуп кеткен турбайбы.
+5
kamchatka
2018-01-01 13:40:10
эн сонун болуптурго
-3
Saxalin
2018-01-03 08:04:52
Сахалинден Кыргызстанга салам.Кыжалат болбогула бул жактан, мурункусундай чон болбосода арчаны ордуна тургузуп койуштуу
0
Attila88
2018-01-03 18:52:11
хее куйуп жатканын менден башка баары тартты окшойт озу да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан