Чүй облусунун Беловодск айылындагы жаңы жылдык балаты күйүп кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-январда жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык 31-декабрдан 1-январга караган түнү Беловодск айылында болгон. Анда жаңы жылдык балаты өрттөнүп кеткен.
Алдын ала маалыматтарга караганда, өрт салют, фейерверктерди балатынын жанында жардыргандан улам келип чыккан. Бактыга жараша, жабыркагандар болгон жок.