Британияда Жаңы жыл алдында унаа токтотуучу жай 1400 машина менен кошо күйүп кетти

Жаңы жылдын алдында Британиянын Ливерпуль шаарында көп кабаттуу унаа коюучу жайдан өрт чыгып, анда токтотулган 1400 автоунаа кошо күйүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоону токтото алышкан эмес. Жалпы 20га чукул атайын өрт өчүрүүчү топ окуя болгон жерге тартылып, өрттү жанаша имараттарга өтүп кетишинен алдын алышкан. Өрт чыккан жай күлүк аттардын көргөзмөсү өтө турган концерттик көңүл ачуучу комплекске жанаша жайгашкан. Ал жай 1600 автоунаага ылайыкташып, жалын каптаган учурда ал жерде 1400 унаа болгон.

Ливерпуль шаарынын мэри Жо Андерсон өрттөн адамдардан же жанаша комплекстеги жаныбарлардан эч бири жабыркабаганын социалдык баракчасына жазган. Укук коргоо органдары бардык күйгөн унаалардын жарактан чыкканын жарыялап, унаа ээлерине камсыздандыруу компаниясына кайрылууну кеңеш берүүдө.

Күчтүү жалын менен коюу түтүндөн полиция окуя болгон жерде жакын жайгашкан жарандарды убактылуу көчүрүүгө мажбур болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Krai
2018-01-01 18:37:58
1400 унаа
+9
vavilon.
2018-01-01 20:15:03
Адам олбоптур жакшысы. Тируу болсон машина табылат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан