КИНОЗАЛ: Эксклюзив! Улуу муун менен жаш муундун кагылышын чагылдырган "Эл укпасын" тасмасы SUPER.KG порталында

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмү дагы бир жаңы кыргыз тасмасы менен толукталды. Улуу муун менен жаш муундун кагылышын чагылдырган "Эл укпасын" комедиялык тасмасын эми сиз "Медиа порталдан" таба аласыз.

Тасманын режиссёру Сүйүн Откеевдин айтымында, "Эл укпасында" роль жараткандардын 95 пайызы профессионалдуу актёрлор. Бул фильм анда башкы ролду аткаргандардын тасма талаасындагы дебюту болуп саналат.

"Кинону тартуу иштери бир айга уланды. "Эл укпасын" - үй-бүлөлүк тасма. Анда элибизде калыптанып калган "бешик куда" түшүнүгү тууралуу сөз болот. Улуу муун менен азыркы муундун көз караштары, бири-бири менен таймашы чагылдырылат. Тартуу иштери Бишкекте, Жалал-Абад облусунда болду. Тасмада башкы ролду жараткан кыздын образы көпчүлүк тасмалардагы кыздардыкынан өзгөчө болду. Негизи кыргыз киносундагы кыздардын образы суйкайган, созулган болсо, бул фильмде тескерисинче", - деп билдирген фильмдин өткөн жылдын 10-майында өткөн бет ачар аземинде.

Фильмдин сценарийин Эркин Эгембердиев, Насирдин Кудайбердиев жана Сүйүн Откеев жазган. Тасмада Асылбек Өзүбеков, Нуртилек Жапаров, Таазим Уметалиева, Мурат Мамбетов, Гүлмира Турсунбаева, Таалайкан Абазова, Эркин Эгембердиев роль жаратышкан.

Кинодо Кореяда иштеп, билим алып жаткан 27 жаштагы Дастан аттуу жигит ата-энесинин чакыруусу менен алардын жанына бир айга учуп келет. Ал учурда андан 3 жашка кичүү, таэквондо менен машыккан Жамийла деген кыз маанилүү мелдештердин бирине даярданып жаткан болот. Экөө кичинекей кезинде ата-энелери бешик куда болушуп, балдарын бири-бирине баш коштурабыз деп сөз беришкен. Бирок жаштар чогуу түтүн булатып өмүр сүргүсү келбейт. Ансыз деле кыйын болуп турган абалды Жамийланы ала качууну пландап жүргөн Тыкы татаалдаштырат. Тасма андан ары кызыктуу окуялар менен коштолот.

Фильмди толук көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
almanbetperm
2018-01-02 12:47:48
Коробузго
0
nurik838383
2018-01-03 14:31:01
Азаматсынар жыргап кордум
0
nurik838383
2018-01-03 14:31:20
Ото жакшы баа берем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан