Америкалык актриса Жессика Альба 31-декабрь күнү уулдуу болду. Бул тууралуу ал өзү коомчулукка социалдык тармактагы баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
"Хэйс Альба Уоррен. 31.12.17. Жаңы жылга эң сонун белек! Биз Кэш экөөбүз бактылуубуз! Хэвен жана Онор да кичинекей бөбөктүү болгонуна абдан кубанычта", - деген ал.
Кызыгы атактуулардын көбү жаңы төрөлгөн ымыркайынын жүзүн жашырышса, актриса тескерисинче наристесинин сүрөтүн бөлүшүүнү чечкен.
Белгилей кетсек, Жессика Альба менен америкалык кинопродюсер Кэш Уоррен 2004-жылы баш кошушкан. Жубайлар буга чейин 2 кыздын ата-энеси эле.