Жаңы жылды жалпы дүйнө эли белгилеп, ар ким өз шартына жараша майрамдоого аракет кылса керек. SUPER.KG порталы кыргыз шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жана дүйнө жылдыздары жылдын башын кантип, кайда жана ким менен тосконуна кызыгып көрдү.
Гүлжигит Калыков жыл башын ата-энеси жана үй-бүлөсү менен бирге тоскон.
"Жаңы жылды үй-бүлөм, ата-энем менен чогуу тостум. Түнкү саат 1лерге жакын досум Кубат Кубанычбеков жубайы менен биздин үйгө конокко келишти. Ал эми бүгүн досторубуз менен чогуу лыжа тебүү үчүн Караколго келдик", - дейт ырчы.
Ырчы Нурлан Насип да 2018-жылды ата-энеси жана бир туугандары менен өз үйүнөн тосуп, андан соң достору менен чогуу көңүл ачышкан.
Алмаз Шаадаев Жаңы жылды иш үстүндө тоскон. Тактап айтканда, 30-31-декабрь күндөрү Орусиядагы мекендештерге концерт тартуулаган.
"Өткөн жыл мен үчүн жемиштүү болду. Быйыл да ушундай ийгиликтер коштосун деген ниет менен, 31-декабрь түнкү саат 12:00дө ыр ырдап, кирип келген жылды эл менен бирге тостум", - дейт Шаадаев.
Ал эми Максат Садырбеков жыл башын ата-энеси менен тосуп, андан соң сүйүктүүсү жана досторуна жолукканын айтты.
"Жаңы жылды ата-энем менен тосуу салт болуп калган. Быйыл да адаттагыдай эле түнкү саат 12ге чейин үй-бүлөм, жакындарым менен бирге отуруп, андан соң дос баламдын туулган күнүн белгиледик", - дейт ырчы.
Аваз Акимов быйылкы жылды эски достору менен биргеликте борбордогу караоке клубдарынын биринен тоскон.
Жаш ырчы Айдана Дека жылдын башын үй-бүлөсү менен тосуп, андан соң достору менен бирге эс алган.
"Жаңы жылды ата-энем менен тосуп, андан соң туугандарга конокко бардык. Ал жактан чыккан соң досторубуз менен чогуу караокеге барып, майрамды уланттык", - дейт ырчы.
Ырчы Роза Шакирова 2018-жылды сахналаш достору жана шеринелештери менен чогуу тоодо шишкебек жасап тосконун айтты.
Ал эми дүйнө жылдыздарынын дээрлик көбү бул күндү үй-бүлөлөрү менен белгилешкен. Алардын айрымдары өз үйлөрүндө майрамдашса, кээ бири кирип келген жылды белгилүү ресторандарда тоскон.
Белгилүү чабуулчу Криштиану Роналду апасы, туугандары жана сүйүктүүсү менен өз үйүндө Жаңы жылды тоскон.
Орустун поп-падышасы аталган Филипп Киркоров Жаңы жылды тосуу үчүн балдары жана досу, композитор Игорь Николаевдин үй-бүлөсү менен бирге АКШга сапар тартышкан.
Орустун белгилүү продюсери Яна Рудковская да Жаңы жылды жолдошу Евгений Плющенко жана балдары менен чогуу тоскон.
Ал эми америкалык модель Ким Кардашьян үй-бүлөсү менен өз үйүндө чакан кече уюштурган.
Жылдыздардын Жаңы жылды кандай тоскондугу тууралуу кенен маалыматты "Супер-Инфо" гезитинин келерки санынан окуй аласыздар.