Криштиану Роналду "Реал Мадрид" клубунан кете турганы айтылууда

Испаниялык "Реал Мадрид" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жетекчиликке клубдан кетүү өтүнүчүн келтирген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, португалиялык футболчу "Реал Мадрид" клубунун жетекчилигинен 2018-жылдын жайкы трансферлер сезонунда 100 миллион евродон жогорку баада сатууну суранган. Роналду ага кызыккан "ПСЖ" жана "Манчестер Юнайтед" клубдарына испаниялык командадан кете турганын билдирген.

Криштиану Роналду менен клубдун жетекчиси Флорентино Перестин ортосундагы мамилелер жакшы эмес, Роналду Перес менен сүйлөшүүдөн баш тартууда.

Маалымдай кетсек, 2017-жылдын жайкы трансферлер сезонунда франциялык Килиан Мбаппени сатып алууга аракет жасаганда Криштиану Роналду жетекчиге нааразы болуп клубдан кете турганын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Makkambaev97
2018-01-02 10:42:32
Мм
0
admin_superstan
2018-01-02 11:18:29
Dembele84, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
-5
gute
2018-01-02 11:22:25
Туура кылат кет Реалдан МЮга бар. Роналду жок Реалдын куну бутот буйруса
+12
nemo2016
2018-01-02 12:01:40
gute,куну бутпойт зордон зор чыгат реалда биро зорду сатып алатда.
-5
Azat.97
2018-01-02 12:09:19
Туура Мбаппе менен Неймарды алыш керек.Иско Неймар Мбаппе мыкты трио
-2
arawan
2018-01-02 12:15:06
жон эле слух го дейм
+1
monok2001
2018-01-02 12:41:28
Бирок реалдын тарыхында калды
+4
Khabib
2018-01-02 14:07:22
Кеткенделе кети дебесен мындай жалган создор айтыла берет
+2
make2
2018-01-02 14:55:02
Месси жүргөн жерде жүрүш кыйын болуп калдыда
-3
madrid7000
2018-01-02 18:06:50
Ану-муну коюп тезирээк Кейнди алып келишпейби
+1
Zynk.kg
2018-01-02 23:04:33
Реалсыз Роналдонун куну бутот,а Роналдосуз Реалдын куну отоберет кетсе кол чаап узатып койобуз.
+2
admin_superstan
2018-01-03 09:58:27
Akjolmaga, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан