Чүй облусунун Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин апасын жана келинчегин атып өлтүрүүгө шектелген адамдар кармалышты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 2-январда укук коргоо органдарынан кабарлашты. Шектүү катары 3 адам кармалган. Учурда факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө. Анын ичинде үйдөн акча алып кетишкенби, жокпу такталууда.
Эскерте кетсек, 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болуп калып, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үй ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда.