Нигерияда чиркөөдөн келе жаткан адамдарга ок атылып, 21 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 1-январда Нигериянын түштүгүндө жайгашкан Риверс штатында куралчан белгисиз адамдар жаңы жылдык кызматтан кийин чиркөөдөн келе жаткан тургундарга ок чыгарышкан. Нигериялык администрациянын коопсуздук кызматынын жетекчиси Дакуку Петерсайд билдиргендей, окуя болгон жерден 15 адам каза болуп, 6 адам оор жаракат алгандыктан ооруканадан көз жумган.
Ал эми окуя болгон Омоку аймагынын полиция кызматкери азыркы тапта каза болгондордун так санын айтуу кыйын экенин жана ооруканага түшкөн адамдардын арасында оор жаракат алгандардын саны көптүгүн белгилеп өткөн. Алдын ала божомолдор боюнча бул ок атуу диний уюмдардын кылган иши. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.