28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 1995-жылы туулган баласы 29-декабрда каза болуп калган.
Диля учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, келини жалпы бөлүмдө жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге бүгүн, 2-январда Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытова кабарлады. Анын маалыматына ылайык, 44 жаштагы Диляга операция жасалганына карабай абалы оор бойдон калууда.
"44 жаштагы аял башынын бир канча жеринен жаракат алган. Ага операция жасалды. Бирок дале жандандыруу бөлүмүндө жатат. Ал эми 8-9 жумалык кош бойлуу 16 жаштагы келини да башынан жаракат алган. Азыр анын абалы туруктуу", - деди Мамытова.
Чүй ОИИББи аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоп, кол салган кылмышкерлерди издөө аракети көрүлүп жатканын билдирген.