Токмокто бир үй-бүлөгө кол салып, 2 баласын өлтүрүп кеткен каракчылар кармала элек. Бул тууралуу 2-январда SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери күчөтүлгөн тартипте уланууда. "Факты боюнча кылмыш иши ачылып, кол салгандарды издөө иштери уланууда. Аларды кармоо өзгөчө көзөмөлгө алынды", - деп билдиришти Чүй ОИИББинен.
Эскерте кетсек, 28-декабрь күнү таңкы саат 6:30 чамаларында Токмок шаарында белгисиз адамдар 44 жаштагы Диля К. аттуу аялдын үйүнө кирип, өзүн, эки баласын жана 16 жаштагы келинин сабап из жашырып кетишкен. Алган жаракаттарынан улам үй-бүлө мүчөлөрү Токмок шаарындагы ооруканага жеткирилишкен. Бирок 24 жаштагы баласы ооруканага келери менен, ал эми 1995-жылы туулган баласы 29-декабрда каза болуп калган.
Диля учурда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө, келини жалпы бөлүмдө жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Чүй облусу боюнча координатору Бактыгүл Мамытованын айтымында, Диля К.га операция жасалганына карабай абалы оор бойдон калууда.