ЖЫЛНААМА, 2-ЯНВАРЬ: 26 жашка толгон Бегиш туулган күнүн үй-бүлөсү менен белгилегенин айтты

Бүгүн, 2-январда "кара тору жигит" атка конгон жаш рэпер Бегиш (чыныгы аты-жөнү Бегалы Белекбаев) 26 жашка толду. Туулган күнүн ата-энеси менен белгилөөнү чечкен мырза SUPER.KG порталына буларды айтып берди.

"Кирип келген 2018-жылды да, өзүмдүн туулган күнүмдү да ата-энем, бир туугандарымдын жанында өткөрүүнү чечтим. Маанайым абдан жакшы. Бүгүн кечке убактымды үй-бүлөмө бөлүп, телефонума келген каттарга жана чалууларга жооп бере албай калдым. Учурдан пайдаланып мени социалдык тармактардан куттуктаган бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем", - деди ырчы.

Рэп ырчысы Бегиш 1992-жылы 2-январда Ош облусуна караштуу Алай районунда төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын бүтүргөн. Сахнага алгач 2009-жылы сахналаш досу Баястан менен биргеликте "Керексиң мага" аттуу ыры менен чыккан.

2-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ruster0525
2018-01-02 23:55:47
Чыгармачылык ийгилик
+1
meni_kut
2018-01-03 03:21:44
туулган кунун менен
+1
nurik838383
2018-01-03 14:29:38
Теке Теке деген жигит ушулбу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан