Японияда Жаңы жыл майрамында "Моти" таттуу токочуна какап, эки адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, майрам күндөрү япониялыктардын күрүч унунан жасалган таттуу чоюлчаак токочунан жалпы жети адам жабыркап, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Тилекке каршы, алардын ичинен эки адамды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Чоюлчаак таттуу токочко какагандар жыл сайын кезигет. Ошол себептен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү токочту жеп жатканда сак болууну сунушташат.
"Моти" таттуу токочун япондор күрүч унунан даярдашат. Анын камыры өтө чоюлчаак болгондуктан, майда туурап алып, көпкө чейин чайнап анан гана жутуу зарыл.