Перу өлкөсүндө автобус жардан кулап 48 адам каза болду

Перу өлкөсүнүн борбору Лима шаарында автобус жол кырсыгына кабылып 48 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 2-январда катталган. Анда Лима шаарынын түндүк тарабындагы тоолуу аймактагы унаа жолдо бара жаткан автобус жолдон чыгып 100 метр бийиктиктеги жардан кулап кеткен. Анын натыйжасында 55 адам бара жаткан автобустун 48 жүргүнчүсү каза болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, автобус алгач башка унаа менен кагылышып, айдоочусу автобусту башкара албай калып жолдон чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nur72
2018-01-03 10:26:46
Жаткан жери жайлуу болсун
+1
Tynybek1989
2018-01-03 11:16:34
Жаткан жери жайлуу болсун,туугандарына сабыр.Аллахым айтпай келген кырсыктан сактасын.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан