Өзбекстанда жаран 10 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп шектелүүдө

Өзбекстандын жараны өзүнүн 10 жаштагы кызын зордуктап жүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Өзбекстандын басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Андижан облусунун Избаскан районунун 35 жаштагы жашоочусу өз кызына сексуалдык ыплас аракеттерди 2016-жылдын декабрь айынан бери жасап жүргөн. Акыркы жолу 2017-жылдын июль айында көгүчкөн баккан жерде атасынын кызын зордуктоо аракетин жасап жатканын кыздын таежеси көрүп секелектин апасына билдирген.

“6 айдан бери кыздын апасы күйөөсүн өз кызын зордуктап жүрөт деп шек санап келген. Качан өз көзү менен көргөндө гана милицияга кайрылган”, - деп айтылат маалыматта.

Избаскан районунун укук коргоо органдары билдиргендей, аталган факт боюнча райондук прокуратура кылмыш ишин козгогон. Эгер экспертизанын жыйынтыгы шектүүнүн зордуктап жүргөндүгүн далилдесе 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Учурда 10 жаштагы кыздын абалы кандай экендиги тууралуу маалыматтар жазылган эмес. Анын үй-бүлөсү журналисттерге комментарий берүүдөн баш тарткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nur72
2018-01-03 10:25:30
Айбан го
+9
toolos1982
2018-01-03 10:36:03
Айбан да бул ишти кылбайт
+13
JaneEr
2018-01-03 11:18:10
Кудай жазасын берсин!
+6
zhaku2017
2018-01-03 12:55:10
Педофил.
+1
muslim87
2018-01-03 13:59:58
Ушундай адам сыяктуу эки бутту манкурттарга өлүм жазасын киргизиш керек ансыз токтобойт
+6
Meruet84
2018-01-03 22:04:04
muslim87,+++
0
gumigumi1990
2018-01-03 21:10:10
Кудайым ушу куноосу жок наристелерди кыйнаган акмактардын колу бутун жок кылып,суйлой корбой турган кылып салчы. Бир гана тилегим ушу.
0
magira
2018-01-04 01:38:15
gumigumi1990,минус басылып кетти.Ылайым эле педофилдердин бир жери шал болуп калсын.
0
Meruet84
2018-01-03 22:06:19
19,20жыл мындайларды өкмөт багуу шартпы ,чыккандан соң өзүнүн кызына кол урган айбан ,башкаларга да жөн эле кол уратго.Аллах жазасын берсин !
0
Akylbek1984
2018-01-03 23:57:47
Педофилдерди аёсуз олтуруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан