Бир жыл мурун: Ата-энесин кумган менен башка чаап өлтүргөн жаран күчөтүлгөн тартипте жазасын өтөп жатат


Түнү үй-бүлөдө жаңжал чыккан

Мындан туура бир жыл мурун, тактап айтканда, 2017-жылдын 10-январь күнү Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын 22 жаштагы тургуну багып алган ата-энесин өлтүргөн деп шектелип кармалган.

Милиция кызматкерлеринин билдирүүсүнө караганда, окуя 9-январдан 10-январга караган түнү болгон. Анда 22 жаштагы Турдумат уулу М. аттуу жаран аны кичинесинен багып чоңойткон 63 жаштагы К.Т. аттуу атасын жана 56 жаштагы А.Г. аттуу апасын кумган менен башка чаап өлтүргөн. Кийин Баткен облусуна качып кетүүгө аракет кылып, Ош шаарында милиция кызматкерлеринин колуна түшкөн.

"Сени баккандан көрө итти бакканым жакшы..."

Кылмышкердин айтымында, атасы ага кумган менен тап бергенде колунан тартып алып атасын жана аларды ажыратууга аракет кылган апасын башка чаап жибергенин айткан.

"Атам сөгүнүп, уят сөздөрдү сүйлөп, камчы менен сабаган. Кийин "сен жетимсиң, сени баккандан көрө итти бакканым жакшы" деди. Ага да унчукпай, кечирим сурадым. Бир маалда кумган менен чабайын дегенде колунан алып, үч жолу башка чаап жибердим. Ошол учурда апам чайнекте кайнап турган ысык сууну мага чачып жиберди. Аны да кумган менен чаптым. Атам мени кичинемден бери эле сабачу. 3-4 жашымда жылаңачтап сыртка чыгарып койгон күндөрү да болгон", - деп көрсөтмө берген милиция кызматкерлерине.

"Ал адам өлтүрүү беренеси менен эле күнөөлөнгөн эмес"

Ал эми Ош облустук сотунан кабарлашкандай, Турдумат уулу М. бир нече берене менен күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыртылган. Себеби ал ата-энесин өлтүргөндөн кийин маркум атасына таандык унааны айдап качкан.

"Өзгөн райондук соту 2017-жылдын 19-апрелинде анын ишин карап өкүм чыгарган. Ага ылайык, 22 жаштагы айыпталуучу Турдумат уулу М. Кылмыш-жаза кодексинин 97 (адам өлтүрүү), 164 (уурдоо), 172 (автоунааны укукка жат түрдө ээлеп алуу) беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган", - деп билдиришти Ош облустук сотунан.

Ал эми Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан соттолгон Турдумат уулу М. өлкөдөгү абактардын биринде жазасын өтөп жатканын, бирок мекеменин шарттарына ылайык кайсы абакта кармалып турганы айтылбастыгын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
PeRa
2018-01-10 17:32:58
Омур бою эмес женилиреек эле берсе болмок, огой балдар баардык нерсени конулуно ала беришет да. Жаштык кылыптыр, биринчи жолу соттолушу деп эске алса болмок.
-1
turgunb
2018-01-10 17:39:50
Туура женилирек жаза берсе болмок
-1
gute
2018-01-10 17:42:36
Баарына Ошол убакта Дет.домго баласын таштап кеткен ата-энеси куноолуу. Эгерде 20 жыл мурун баласын таштап кетишпегенде бул окуя болмок эмес деп ойлойм
+12
Reakciya
2018-01-10 17:56:56
Ай ким билет ким билет.
+1
aman0296
2018-01-10 18:05:54
Скорыйдагы 4 кишини олтургон кыз свобода да журот жыргап. Ошону эстесем эле кыжырым келет
+18
Simels
2018-01-10 18:16:14
aman0296, Скорыйды сузгон кыз Байдын Чон кызматта иштеген адамдын кызы турба. Андайларга мыйзам иштебейт. Мыйзам карапайым элге эле иштейт
+16
Ask094
2018-01-10 21:42:48
aman0296,туура соз. Ошол кызды омур бою камашса арзыйт болчу. Аттин бизде мыйзам жетим менен жардыга гана иштейт аттин
+7
maks1980bishkek
2018-01-11 00:27:11
aman0296,мендагы эстеген сайын кыжырым келет
+3
Baiana
2018-01-10 19:50:11
Балким ушул абалга баккан эта энеси өзү жеткиргендир, бизге караңгы ....
Жаштайынан бакмасың деп, барарың жок деп кемсинтип, уруп кордоп, тарбиясын, аң сезимин бузуп алышкандыр .....
Ар дайым кордукта жүргөн, адам көп жактан жабыркап калатго.
+5
Nur_everlast
2018-01-10 20:43:58
Жетим кой баксаң оозу-мурдуң май болот жетим бала баксаң оозу-мурдуң кан болот
+3
MIRAN
2018-01-10 21:24:38
Омур бою ото адилетсиздик,женилдетсе болмок
+1
Ask094
2018-01-10 21:41:22
Скорыйды авария кылган бузуку кыз боштондукта турбайбы е? Кыргызстандын келечеги жок олуп эле кеткиле соттор тируу орттош керек
+11
Baku88
2018-01-11 03:39:39
Байкуш бала айла жоктон кетти сот адилеттүү чечим чыгарса болмок
-1
Baku88
2018-01-11 03:40:48
Кудайым кылган куноолорунду кечирген болсун. Бул дүйнөдө көрбөгөн жакшылыкты аркы дүйнөдө көрөсүң
0
Baku88
2018-01-11 03:41:19
Сен айласы жок ишке бардын аны адамдар түшүнбөй жатат
-2
Baku88
2018-01-11 03:45:40
Жетим деп кордоп жаштайынан азапта чонойткон баладан кайсы жакшылыкты кутушту экен шору жоктор. Баарысына ата энеси күнөөлүү. Кудайым колдосун сени кыйнагандар аркы дүйнөдө сөзсүз жазасын тартаар
0
admin_superstan
2018-01-11 11:16:00
MoltirJan, провокация жараткан билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан