Милициянын кашын жара тепкен "ырчы" кыз
Эсиңиздерде болсо, былтыр 2017-жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү Ош шаарынын Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинен Ош ШИИБинин патрулдук милициясы Хонда Аккорд үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу баш ийбей качып жөнөгөн. Патрулдук милициянын кызматкерлери аркасынан кууп барып, кийинки посттон токтотулган унааны Алтынай Жайнакова аттуу бийкеч башкарып бара жатканы белгилүү болгон.
Өзүн ырчы, журналист деп тааныштырган кыз унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан шиш такасы менен жара тепкен. Анын милиция менен болгон чатагын журналисттик топ тартып алып, ал видео интернетке тарап, кызуу талкуу жараткан.
"Ырчы" кыздын милиция кызматкерлери менен байланышы бар беле?
Видеотасмада көрүнгөндөй, Алтынай Жайнакова унаадан түшүүдөн баш тартып, уюлдук телефону менен кимдир бирөөгө байланышып баштайт. Сөз арасында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылыч Жолдошевдин ысымы байма-бай аталат. Кийинчерээк Жайнакова: "Жолдошев менен эч кандай мамилем жок, болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын атасам аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм", - деп SUPER.KG порталына билдирген. Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев Алтынай Жайнакованы тааныбай турганын айрым маалымат булактарына билдирүүгө жетишкен.
Алтынай Жайнакова тартылган видеотасма интернет айдыңында эң көп каралган видеолордун бири болгон. Видеодо ал милиция кызматкерлерине "унаамдын терезесин сындырып, кайра кечирим сурабадыңар беле?!" деген сөзү угулат. Бул сөздөр Жайнакова менен милиция кызматкерлеринин ортосунда мурдатан эле чатактар болуп келгенби деген ойду жаратат.
Ырчы айымдын өзү менен байланышканыбызда, ал: "Мен бул окуя боюнча азыр комментарий бербей турууну чечтим. Унаамдын терезесин милиция кызматкери сындырып салганы чын. Анда ал кечирим сурап оңдотуп берген. Ушуну гана айта алам", - деген жооп узаткан.
30 миң сом айыпка жыгылып, 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылган
Ош шаардык соту Жайнакованын ишин 2017-жылдын 13-мартында карап, Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренесинин 1-бөлүмү (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен күнөөлүү деп тапкан. Ага ылайык, айыпталуучуга 30 миң сом айып салынган. Ал эми ошол эле жылдын 27-апрелиндеги Соттук коллегиянын өкүмүнө ылайык, Алтынай Жайнакова Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде белгиленген жаза шарттуу деп эсептелип, ага бир жылга сынак мөөнөтү белгиленген.
SUPER.KG порталы окуянын баш каарманы болгон Алтынай Жайнакова менен байланышып, ага берилген сынак мөөнөтү 6 айдан соң аяктап, учурда сот анын ишин жапканын аныктады.
"Башымдан өткөн окуя мен үчүн чоң сабак болду. Кимдин ким экенин билдим, адамдарга өтө эле ишенип алуунун кажети жок экенин түшүндүм. Бирок жашоомдо ал окуянын орун алганына эч өкүнгөн жокмун. Бул нерсе чыгармачылыгыма "кара пиар" болуп берди. Соттун чечимине ылайык, 4 жылга шарттуу түрдө кесилип, бирок 1 жылга сынак мөөнөтү берилген. Ай сайын өз убагынан кечиктирбестен каттоодон өтүп турганым үчүн 6 айдан соң бул ишти жабышты. Учурда баш-отум менен чыгармачылыкка киришип, жаңы ыр-клиптердин үстүндө иштеп жатам. Ошондой эле жакында карьерамды өнүктүрүү максатында Ош шаарынан Бишкекке көчүү алдында турам", - дейт Жайнакова.