"Формула-1" жарышы боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, легендарлуу немис автожарышчысы Михаэль Шумахер Германиянын Хюрт-Хермюлхайм шаарында 1969-жылы 3-январында жарык дүйнөгө келген.
Атактуу спортчу "Формула-1" боюнча дүйнөнүн 7 жолку (1994, 1995, 2000, 2001, 2002, 2003, 2004-жылдар) чемпиону аталган. Ал рулга 3 жашында отуруп, 5 жашынан тарта карт жарыштарына катышып баштаган. Ал эми 14 жашында расмий түрдө жарышчы укугуна ээ болуп, өз өлкөсүнүн жана Европанын чемпиондуктарына катыша баштаган.
2013-жылы 29-декабрда Франциянын Мерибель курортунда Шумахер үй-бүлөсү менен эс алып жүргөн кезде лыжа менен тоодон түшүп келе жатып, жолдон чыгып кетип ташка чалынып, башы менен аскага урунган. Оор абалдагы спортчуну атайын тик учак менен Гренобль шаарындагы ооруканага жеткиришкен.
Учурда Михаэль Шумахер жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. Чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, күйөрмандардын элесинде келишимдүү бойдон сакталуу Шумахердин салмагы учурда 45 гана килограмм.
4 жылдык реабилитациялоо аралыгында спортчуга 2 ирет нейрохирургиялык операция жасалган. Ал эми анын үй-бүлөсү ушул убакка чейин анын дарылануусуна болжол менен 16 миллион доллар сарптаганы маалым. Мындан тышкары Шумахердин үй-бүлөсү дары-дармекке каражат кылуу үчүн Норвегиядагы үйүн жана жеке учагын сатууга аргасыз болушкан.
Шумахер тууралуу кызыктуу фактылар:
3-январдын жылнаамасы.