Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Жабыркагандардын арасында кош бойлуу келин бар

Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына жол кырсыгынан жабыркагандардын бири билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 2-январда саат 11:30дар чамасында болгон.

“Бишкекке жүргүнчүлөрдү ташып келе жаткан Хонда Степвагон унаасы каршылаш тилкеге чыга калып, Audi үлгүсүндөгү унааны, андан кийин жүк ташуучу КамАЗды сүздү. Унаанын ичинде кош бойлуу келин да отурган. Кырсыктан улам 1 кыздын колу сынып, менин баш мээм чайкалды. Ал эми боюнда бар келин Токтогул шаарынын ооруканасына жеткирилген. Абалы туруктуу болчу. Калгандары жеңил жаракаттарды алышты”, - дейт жабырлануучу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Benazir08
2018-01-03 15:27:06
Степ мн такси кылганды токтотушсун. 7 эмес 8 адам тыгып алышат. Же 6 адам эле отурсун болду чектоо киргизиш кк. Анан бири бирине мактанып мен мына жерге мынча минуттале жетип калам ей деп чалышып мактанып айдашат бычыш кк буларды
+12
sirgak_92
2018-01-03 15:41:30
Смерть Вагондорду жоготуш керек срочно
+7
aidai9594
2018-01-03 15:57:49
Куноо айдоочуларда!Бир саат эрте жетпесе бир саат кеч аман жетсе болотко.Канча адамдын олумуно себепкер болушат. Оздорун деле ойлошсо болмок олбочудой айдашат.
0
Alixan-Nookat.2015
2018-01-03 16:19:28
Оң рулдуу унааларга тыюу салуу жөнүндө мыйзамды кайтарып алды деп жатат элеңер мына дагы кырсык, транспорт министрлиги тез арада мыйзамды даярдап парламенттке алып чыгып колдоп тыюу салгыла.
+7
jbolotov
2018-01-03 16:50:43
Alixan-Nookat.2015, Он рульду тыйса элдин жарымынан кобу он рульда, аларды ойлоп анан жазда. Степ газды бассан кетеберет экен ойдо ылдыйды сезбей, ошондуктан катуу айдагандарга чара корулуш керек.
0
Mers124
2018-01-03 16:38:18
Неге стептер катуу айдайт. Катуу жүрүп баратканы билинбейби
+3
Meruet84
2018-01-03 22:09:13
Mers124,анткени алар оң рулду ,каршы тилкеге толук чыгып жолун карашат .
0
bakytkg007
2018-01-03 19:16:38
Степ айдагандар катуу айдашат экен ош бишкек жолундагы таксилерге бир нерсе ойлоп чыгыш керек эмесе ушундай боло берет окшойт
0
bakulya2015
2018-01-03 22:14:40
Кудай сактасын. Мен бир нерсеге тан калам тообо кылдым эмнеге мекендештерибиз бул дуйно менен кош айтышсада бул кырсыктын коопсуздугуна конул бурушпайт биздин жогорудагы чондорубуз. Туура кырсык айтырбай болот бирок бир аз тартипти кучотуп же милициялар ишти кучотсо эскертсе же ошол степ деген унаага бир чектоо киргизсе жакшы болобу беле бир аз болсо да таасир береби деген ойда. Тынч эле бололучк негизи стептер чайкадай эле каттуу журот женилда болот окшойт.
0
Akylbek1984
2018-01-04 00:47:34
Кырсыктан башыбыз чыкпай калды го, акырын айдашса болмок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан