Бишкекте футзал боюнча эл аралык мелдеш старт алды

Бүгүн, 3-январда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда футзал боюнча "Наристе-2018" эл аралык мелдеши старт алды. Бул мелдеште жалпы эсепте 54 команда катышып, 10-январга чейин жеңүүчүлөрдү аныктамакчы.

Мелдештин башкы калысы Рыскелди Мусаевдин айтымында, мелдеш жыл сайын өтүп, быйыл 19-жолу орун алууда.

"Футзал боюнча "Наристе-2018" эл аралык мелдеши быйыл 19-жолу өткөрүлүп жатат. Жалпы эсепте мелдешке өлкө аймагынан жана Түркия менен Казакстан өлкөлөрүнөн келген 54 команда катышууда. Жыл сайын өлкөбүздөгү мелдештерди биз ачып беребиз, ошондуктан аталышы "Наристе" болуп калган. Мелдештин негизги максаты спортту калк арасында жайылтуу, спорт менен машыгууга үндөө жана жашоочулардын маанайын спорт аркылуу көтөрүү", - дейт башкы калыс.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sirgak_92
2018-01-03 21:16:05
Кайсы кылымдагы Микрофон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан