Тажикстандын Хожент шаарынын төрт тургуну тамакка кошулган селитрага (натрий нитраты) ууланып каза болду.
Окуя тууралуу 2-январда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таяп, шаар прокуратурасы жергиликтүү маалымат каражаттарына кабарлады.
"Палоо даярдоо учурунда “натрий селитрасы” же “чили селитрасы” деп аталган селитра колдонулган. Иликтөө учурунда окуя катталган жерден ушул заттын калдыктары жана ал салынган кутучасы табылган. Ал эми селитра маркумдарды өлүмгө жеткире турган дозада кошулганы белгилүү болгон”, - деп билдирген Хожент прокуратурасынан.
Маалыматка ылайык, 30-декабрда жергиликтүү тургундар Жаңы жылдын алдында майрамдык дасторкон жайып, палоо жешкен. Жаңы жылдык отуруш кайгы менен аяктап, төрт киши ууланып каза болгон. Алардын арасында 67 жаштагы ашпозчу да көз жумган, жети киши ооруканага жеткирилген. Учурда окуя тууралуу териштирүү иштери жүрүп, натрий нитратын ким алып келгени аныкталууда.
Маалымат үчүн: Натрий нитраты – түссүз, жытсыз, туз даамданган кристалл. Ал жер семирткич катары жана металлды кайра иштетүү өнөр жайында колдонулуп, жардыруучу заттарды даярдоодо да керектелет.