Жаңы жыл түнү Казакстандагы май куюучу жайлардын бирине кылмышкерлер кол салышты

Жаңы жылга саналуу сааттар калганда Түндүк Казакстан облусундагы май куюучу жайлардын бирине кол салуу орун алган. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары жазып чыгышты.

Кылмыш видеокөзөмөлгө түшүп калган. Анда бет капчан 2 кылмышкер Челябинск-Новосибирск унаа жолундагы "КазМунайГаз" май куюучу жайына киргени көрүнөт. Видео социалдык тармактарга тарап, аны киргизген колдонуучу каракчылар күзөт кызматкерине жана кассир аялга кол салган деп комментарий калтырган. Жыйынтыгында тоноого кирген кылмышкерлер өз максатына жетпестен изин суутуп кетүүгө үлгүрүшкөн.

Май куюучу жайда болгон тоноо
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан