Сирияда Орусиянын тик учагы кулап түшүп, 2 адам каза болду

Сирияда Орусиянын Ми-24 үлгүсүндөгү тик учагы кулап түштү. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Коргоо министрлигине таянып орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, окуя 31-декабрда болгон. Хама аэродромуна учуп бараткан орусиялык тик учак техникалык бузуктуктан улам жерге кулап түшкөн. Натыйжада 2 учкуч каза болуп, 1 борттехник жаракат алган.

"Жаракат алган борттехник куткаруучу топ менен Хмеймим аэродромуна жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн. Тик учакка карата эч кандай ок атуу болгон эмес", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
gute
2018-01-03 20:58:03
Жалпысынан Россия Сирияда 2015-жылдан тарта 45 адамын 6 вертолет жана 3 самолетту жоготушту.
0
vavilon.
2018-01-03 22:27:31
Кыргыз армиясында ВВСде болгону ошол Россия Сирияда жоготкончолук техникасы бар. 5-6вертелёт, 2-3самаолет
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан