Орусияда эки унаа сүзүшүп, 10 адам каза болду

Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында 2 унаа сүзүшүп, 10 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышат.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 3-январь күнү Ханты-Мансийск-Нягань жолунда болгон. Анда Мазда 6 жана Рено Дастер үлгүлөрүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен 10 адам каза болгон. Алардын арасында 4 бала болгон.

"Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айтуусу боюнча, кырсык Москва убактысы боюнча саат 14:37де орун алган. Эки унаа бетме-бет сүзүшкөндөн улам жол убактылуу жабылган. Кырсык катталган жерде 50дөн ашуун куткаруучу жана 10дон ашуун атайын техника иш жүргүзүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле аталган кырсык боюнча кылмыш иши козголгону да белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
eddi.kg
2018-01-04 09:18:36
Кудай сакта,кыргыздар жок болсо болду,ансыз деле ботон жерде кыргыздар кырылып буто турган болду.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан