2017-жылдын 31-декабрь күнү террорчулар Орусиянын Сириядагы аскердик авиабазасына чабуул коюп, 7 аскердик учакты жок кылганын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары аскердик-дипломатиялык булактарга таянуу менен жазышууда.
Маалым болгондой, минометтук аткылоолордон Су-24 үлгүсүндөгү бомбалоочу төрт учак, СУ-35С үлгүсүндөгү авиацияга каршы тез учуучу эки учак, Ан-72 үлгүсүндөгү бир аскердик транспорттук учак жок кылынган. Мындан тышкары террорчулар ок-дарылар сакталуучу кампаны да жардырып жиберишкен. Анын кесепетинен ондогон аскерлер жаракат алышы мүмкүн. Бирок Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.