Валентина Шевченко UFC'нин жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды

Валентина Шевченко UFC'нин 2018-жылдын 1-январында жаңыланган рейтингинде биринчи орунду сактап калды. Жаңы рейтинг UFC 219 турниринин негизинде жарыяланган. Бирок ага Валентина Шевченко катышкан жок. Ал эми Аманда Нуньес чемпион болгондуктан рейтингге кирген эмес.

Айта кетсек, 2018-жылдын 3-февралында өтө турган "UFC Fight Night 125" мелдешиндеги 56 килограммга чейинки жаңы салмак категорияда Валентина Шевченко бразилиялык Присцилла Качоейра менен кез келет.

Буга чейин Валентина Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде мушташкан, анда 5 беттеш өткөрүп 3 жолу жеңишке жетсе, 2 жолу жеңилүү ызасын тарткан.

Валентина Шевченко жеңилүү ызасын тарткан 2 беттеште Аманда Нуньес менен күч сынашкан. Бул беттештен кийин мушкер бөлөк салмак категорияга өтүү чечимин чыгаргандыгын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2018-01-04 11:12:23
Азаматсын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан