2018-жылдын 3-январында Киевдин округдук административдик соту Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы "Жаңы күчтөр кыймылы" партиясынын лидери Михаил Саакашвилини качкын же кошумча коргоого муктаж адам деп таануудан баш тартты.
Саакашвилинин адвокаттары соттун бул чечими боюнча жогорку баскычка даттана тургандыктарын билдиришти. Саясатчы аны качкын деп таануу үчүн жөнөтүлгөн документтерди кабыл алуудан баш тарткан миграция кызматынын чечимин жокко чыгарууну талап кылган.
Грузин жарандыгынан ажыратылган Саакашвили өз мекенинде бир катар кылмыштарга айыпталууда жана Грузияга экстрадицияланышы мүмкүн. Ал ошондой эле украин жарандыгынан да ажыратылган, бирок бийликтин бул чечимин тааныбай келет.