АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана анын жубайы АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, 3-январда Нью-Касл шаарында жайгашкан Билл жана Хиллари Клинтондордун үйүндө өрт чыккан.
Алдын ала белгилүү болгон маалыматтарга караганда, өрт үйдүн уктоочу бөлмөсүнөн чыгып, ыкчам иш аракеттердин натыйжасында аз убакыттын ичинде өчүрүлгөн.
Өрт чыккан мезгилде үйдүн ичинде эч ким болгон эмес. 1889-жылы салынган бул үйдү Клинтондор 1999-жылы 1 миллион 700 миң долларга сатып алышкан.