Таласта жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 2 жүргүнчү ооруканага түштү

Талас облусунун Кара-Буура районундагы жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул маалыматты Талас ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.

"Маалыматтарга караганда жол кырсыгы 3-январь күнү таңкы саат 7 чамасында Талас-Тараз унаа жолунда катталган.

Анда айдоочу рулду башкара албай, жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Анын кесепетинен Бакай-Ата районуна караштуу Ак-Дөбө айылынын 1988-жылы туулган К.М. аттуу тургуну жана Кара-Буура районунун Кайнар айылынын 1977-жылы туулган Ч.У. аттуу жүргүнчүлөрү оор жаракаттары менен жакынкы ооруканага жеткирилген. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми каза болгондордун аты-жөнү такталууда.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Batma08
2018-01-04 11:54:37
Уктап кеткенби айдоочу
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан