Канат Исаевдин соту уланууда. Сот залына 20га жакын адам кире албай калды

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Отурум башталганга чейин эле сот залына адамдар толуп калгандыктан конвойлор эшикти жаап, эч кимди киргизбей жатышат. Сот залына кире албай калган 20га жакын адам сыртта турат.

Бүгүн Исаевге сот өкүмү чыгышы мүмкүн. Азыркы тапта жактоочу жарыш сөз сүйлөп жатат.

Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан