Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө Исаевдин жактоочусу Слесарев жарыш сөзүн сүйлөдү. Ал сот Канат Исаевдин ишин кароодо мыйзамга туура келбеген аракеттерди көргөнүн айтты.
"Жактоочулар чакырууну өтүнгөн күбөлөр чакырылган жок. Ошондой эле жактоочулардын сотко келтирген өтүнүчтөрүнүн көпчүлүгү да четке кагылды. Жактоочуларга карата эмгек кодекси бузулуп, жумуш убактысынан кийин да отурум уланып жатты", - деди жактоочу.
Эскерте кетсек, Исаев 2008-2010-жылдар аралыгында Токмок шаарынын мэри кызматын аркалап турганда "пара алууга жол берген жана кызмат абалынан пайдаланган" деп айыпталып жатат. Анда Исаев 2009-жылы 8 гектар жер тилкеси жатаканасы менен бирге 3 миллион 200 миң сомго сатылганы, шаардын борбордук базарынын жанындагы автобекеттин орду жеке тараптарга соода түйүнүн курууга берилгени соттук териштирүүдө айтылган. Бирок мамлекет тарабынан түзүлгөн эксперттик топ 2016-жылы 8 гектар жер тилкеси жана жатакана боюнча экспертиза жүргүзүп, мүлктүн баасы 17 миллион сомдон ашык акчага бааланганы маалым болгон. Мындан улам мамлекеттик айыптоочулар Исаевдин мүлкүн конфискациялоо менен бирге күчөтүлгөн тартипте 20 жылга эркинен ажыратууну, калган 6 айыпталуучунун да мүлкүн конфискациялап, анын ичинен үчөөнү 9 жылга, экөөнү 18 жылга, бирөөсүн 16 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.