Кажы-Сайда баптист агымына кирген жарандардын сыйынуу үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
Маалыматка ылайык, азыркы тапта Ысык-Көл облусунун Тоң райондук милициясы Кажы-Сай шаарчасында жайгашкан баптисттердин сыйынуу үйүндө чыккан өрттүн себебин иликтеп жатат.
Белгилүү болгондой, 2-январдан 3-январга караган түнү саат 1ге жакын аталган үйдө белгисиз себептерден улам өрт чыкканы тууралуу кабар келип түшкөн.
Сыйынуу үйүнүн кароолчусунун айтымында, окуя болгон түнү үйдүн ичинде иш-чара өткөн. Иш-чара бүткөн соң кароолчу сыйынуучу жайды бекитип үйүнө кеткен. Ал эми түнкү саат 1де өрт тууралуу айтышкан.
Окуя болгон маалда имараттын ичинде эч ким болгон эмес, өрттөн жабыркагандар жок.