Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында катталган жол кырсыгынан каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
"Кырсыктан каза болгондордун аты-жөнүн тактадык. Белгилүү болгондой, алардын баары орус жарандары, арасында кыргыздар жок", - деди ал.
Эске салсак, кечээ, 3-январда Орусиянын Ханты-Мансийск аймагында Мазда 6 жана Рено Дастер үлгүлөрүндөгү эки унаа сүзүшүп, анын кесепетинен 10 адам каза болгон. Алардын арасында 4 бала болгон.