Эки Кыргыз жараны Орусияда бут кийим цехинен чыккан өрттөн каза болгону айтылууда. Тилсиз жоодон баш-аягы 10 адам көз жумду

Бүгүн, 4-январда Орусиянын Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, 10 адам каза болду. Алардын экөөсү Кыргыз өлкөсүнүн, бири Орусиянын, жетөө Кытай Эл Республикасынын жарандары экенин орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өрт кырсыгы боюнча маалымат жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00 чамаларында келип түшкөн.

"Өрт өчүрүү кызматы кырсык болгон жерге барып, учурда өрттү өчүрүп бүтүштү. Каза болгондор бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан", - деп айтылат маалыматта.

Новосибрскиде чыккан өрттө 2 Кыргыз каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
barcafan
2018-01-04 15:02:36
Кайран кыргыз тентип журуп кырылмай болду
+6
GYLNYRA
2018-01-04 15:06:39
Жаткан жерлери жайлуу болсун.Тиргилик деп журуп тугонуп бутмок болдук. Кудайым тилсиз жоодон сактасын, боодо кырсыктан. Алыста журобуз тынч бололу.
+4
Sagyn.91
2018-01-04 15:06:50
Журоктун ушун алчу болду.
Кимдир бироонун ай чырактай кыздары да. Карындашы. Синдиси. Эжеси.(( Жакындарына Сабыр берсин Аллахым...
+2
vavilon.
2018-01-04 18:46:27
Sagyn.91, эркек балдар экен алар
0
Azatbek83
2018-01-04 15:13:03
Жаман болуптур Орусунянын жараны да Кыргыз эмес бекен?Кыргыздарда Орус жарандыгынан алгандар барго аты жонун билиш керек.
+3
Jango
2018-01-04 15:19:29
Чет элде иштеп журуп каза болгон кыргыз жарандарына мамлекет да акча болуп берсе болмок уй булосуно жардам катары
+3
gute
2018-01-04 16:19:18
Ээ бийликтегилер жумуш ордуларын тузгонго аракет кылып иштесенер боло. Ар кайсыл мамлекетке Пансионаттарыбызды сатпай.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан