Канат Исаев прокурорлор камсыздаган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алдын ала ага каршы даярдалганын айтты

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, Канат Исаев өзү сүйлөп жатат. Ал өз сөзүндө анын ак экенин далилдеген фактылар бар экенин, бирок ага карабастан прокурорлор ойдон чыгарылган кылмыш иштерин тагып күнөөлөп жатышканын айтты.

"Прокурорлор чакырган күбөлөрдүн экөөнү суракка алган учурда жазылган протоколду карасаңыз бири-бирине коёндой окшош, жадакалса үтүр-чекитине чейин окшош . Андан сырткары дагы бир күбө келип тергөөчү анын көрсөтмөсүн өзгөртүп койгонун айтты. Бул иштин ойдон чыгарылганын далилдеп турат", - дейт Канат Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан