Канат Исаев сотто акыркы сөзүн айтты: "Соттор азыр эч нерсе чечпейт. Ак Үйдөн бир бөлүм башчы эмнени айтса ошону аткарып калышты"

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Отурумдун жүрүшүндө жарыш сөз аяктап Исаев акыркы сөзүн сүйлөдү. Ал өз сөзүндө айыптоочулардын ага каршы эч кандай далилдери жок экенин, ага коюлуп жаткан айыптагы сандарды алар оюнан чыгарышканын айтты. Ошону менен бирге ал прокурорлор ачыктан ачык жалаа жаап жатат деп алардын Исаевди 20 жылга эркинен ажыратуу өтүнүчүн сынга алды.

"Мындан бир нече жыл мурда Батукаев абакта отурганда 1 депутатты баш кылып баш-аягы 10го чукул адамды өлтүрүптүр. Аны бул боюнча 16 эле жылга эркинен ажыратышыптыр. Мени болсо 20 жылга эркинен ажыратып бериңиз деп өтүнгөнү калыстыкпы? Мен парламентте сотторду сындадым эле дагы деле ошондой. Соттор азыр эч нерсе чечпейт. Ак Үйдөн бир бөлүм башчы эмнени айтса ошону аткарып калышты. Бардык адам кылган ишине жооп берет, мен дагы, силер дагы кылган ишибизге жооп беребиз", - деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
jbolotov
2018-01-04 16:59:21
Сот органдары канчалаган айлык алат , инвентарь турак жай, ж.б чыгымдарын толоп отургуча жоюп эле салсанарго, ансызда адилетсиз, аты эле сот.
+3
u.n.m
2018-01-04 17:20:53
Канат агабыз отуруп чыккан куну деле ошол адилетсиз соттор менен, айып тагуучулар менен эсептешчу кун келет да. Мисалы кудай андай кунду башка салбай эле койсун сот бироонун буйругу же суранычы менен адилетсиз окум чыгара турган болсо башым аман болсо ал адам менен созсуз эркиндикке чыкканда эсептешмекмин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан