Орусиядагы Кыргыз элчилиги Новосибирсктеги өрттөн каза болгон Кыргыз жарандарынын аты-жөнүн тактап жатканын билдирди

Орусиянын Новосибирск облусундагы бут кийим цехинен чыккан өрттөн 10 адам каза болуп, алардын экөө Кыргыз жараны болуп чыкканын SUPER.KG'ге Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалым болгондой, учурда элчилик облустагы консулдук кызматы аркылуу каза болгондордун аты-жөнүн тактоодо.

"Каза болгондордун экөө Кыргыз жараны экени тастыкталды. Азыр алардын аты-жөнү такталып жатат", - деп билдирди элчиликтин кызматкери Гүлбарчын Байымбетова.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан.

Новосибрскиде чыккан өрттө 2 Кыргыз каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gute
2018-01-04 16:54:35
Каза болгон Кыргыз Жарандары

Батырбек уулу Тастамбек, 1994 ж.т

Таштамиров Юсуф, 1991 ж.т.

Жаткан жерлери жайлуу болсун
+2
Nurbollot
2018-01-04 17:12:13
gute,маалыматты кайдан алдыныз сиз кантип билдиниз
0
gute
2018-01-04 17:14:14
Nurbollot, Орустардын жанылыктарынын баарынан эле чыгып жатат. Биздин Посольство ойгонуп аныктагыча. Мен озум эле чыгарайын деп чечтим
+1
Gulnyr19
2018-01-04 18:01:16
gute,бая кайсы депутат көтөрдү ушул маселени иштебеген элчиликтерди жабыш керек деп туура айтты да ошол
0
KUBI
2018-01-04 19:02:57
gute, такталбаган маалыматты эле айта бересинби.
-1
aibars
2018-01-04 19:35:01
gute, Такталгандан кийин башка ысымдар чыктыго, билбегенден кийин жазбай эле Койда, тууган уруктарына эле кыйын болот.
0
Asus123
2018-01-04 18:37:41
Жазбай эле турбапсын балким уйбулосуно айтыла электир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан