Тышкы иштер министрлиги: "Орусиядагы өрттөн каза болгон эки Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды"

Орусияда өрттөн каза болгон эки Кыргыз жаранынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Муратбек Азымбекиев кабарлады. Анын айтымында, өрттөн дагы бир Кыргыз жараны жаракат алып дарыгерлердин кароосунан өттү.

"Каза болгондордун бири 1994-жылы туулган Б.У., экинчиси 1991-жылы туулган С.У. аттуу жаран болуп чыкты. 1999-жылы туулган К.У. аттуу жараныбыз да жаракат алып, ал дарыгерлердин кароосунан кийин үйүнө жиберилди", - деди Азымкулов.

Буга чейин Орусиядагы элчилик каза болгондордун арасында эки Кыргыз жараны бар экенин тастыктап, алардын аты-жөнү такталып жатканын билдирген. Бирок маалыматты Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин башчысы Азымбекиев төгүнгө чыгарган.

Белгилей кетсек, бүгүн, 4-январда Новосибирск облусуна караштуу Искитим районунда саат 9:00 чамаларында бут кийим тиккен цехтен өрт чыгып, Кыргыз өлкөсүнүн эки, Орусиянын бир, Кытай Эл Республикасынын жети жараны каза болгону кабарланган. Алар бут кийим тиккен цехтин кызматкерлери болушкан. Учурда кырсык боюнча Орусиянын мыйзамдарына ылайык кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Alinur
2018-01-04 19:24:53
Акыркы убакытта эмнегедир орт менен жол кырсыгынан олум коп болуп жатат. АЛЛАХ сактасын мындай кырсыктардан баарыбызды. Ал эми каза болгон бир туугандарыбыздын жаткан жери бейиштин бакчаларынан болсун
+12
jasgul
2018-01-04 19:47:35
Бечара БУ- СУ жаткан жери жайлуу , сурагы женил болсун.
+4
toolos1982
2018-01-04 20:34:05
Б.У С У.жаткан жери жайлуу болсун
+1
Firdaus-Muslim
2018-01-04 21:30:25
Эх, атаганат жаш өмүрлөр, бул каза болгон жаш жигиттер жыргаганынан барышбадыда, булардын да алдыга койгон ой-максаттары бар эле, Өкүнүчтүү! Жаткан жерлери жайлуу болсун! Ата-энелерине Кудайым сабыр берсин.
+4
akonia
2018-01-04 22:24:39
Булардын соогу келгиче Б У С У деле деп атабай турса болмок ата энеси укса жарылып эле калдыго
+1
Kirajsjk
2018-01-04 22:28:29
Aai ailanip keteyin kirgiz elim,juroktu ezetko...kachan ozubuzdun olkodo ishteit ekenbiz.
0
travm
2018-01-04 22:38:45
Аттин ай
0
Aziz_aka
2018-01-04 22:43:00
Ушулардын Каргышы Ата энесинин Куйуту чондорго тийсин
-2
Zainidin96
2018-01-04 23:04:16
Ушинтип эле кырылып калат окшойбуз кыргыздар чондор кресло талашпай ушундай жарандарыбызга жумуш ордун тузуп берсе гана
0
Luna15
2018-01-05 07:12:04
туугандар бул билинбегени менен биздин башыбыздагы чон кырсык,бул силерге АШАбы дегенинерди токтотсонор боло же АША тентушунарбы?Келгиле андан корок жакындарынын кайгысын тен болушолук.Аттарын окуганда тааныйсынарбы,жазаарда ойлонолу башка бироонун журогу,конулу менен эсептешели
0
admin_superstan
2018-01-05 12:08:44
jugorsk, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
0
admin_superstan
2018-01-05 12:11:33
Bekish-kg, Ibrahim1122, Bema74, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
Aima94
2018-01-07 22:58:30
Кудай сактасын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан