Чүй ОИИББи: "Эки аялдын өлүмүнө шектелип кармалган 6 жаран тең жумушсуз болушкан"

Чүй облусунун Москва районунда бир үй-бүлөнү карактап, андан кийин үй ээсинин апасын жана жубайын атып өлтүрүүгө шектүү катары кармалган 6 адам эч кайда иштеген эмес. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынын башчысы Назира Имангазиева кабарлады. Анын айтымында, кармалгандар боюнча учурда туура эмес маалыматтар таратылып жатат.

"Алардын айрымдары аскер адамдары, спортчу экендиги боюнча маалыматтар таратылып жатат. Бул туура эмес. Шектүүлөрдүн баары жумушсуз болушкан", - деди Имангазиева.

Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү белгисиз адамдар Москва районундагы үйлөрдүн бирине кирип барып, үй ээсинин өзүнө, апасына жана келинчегине ок чыгарышкан. Алган жаракатынан улам апасы менен келинчеги окуя болгон жерден каза болгон, өзү оор абалда ооруканага жаткырылган. Ал эми окуя болгон учурда үйдүн ичинде 2 айлык наристе да болгон. Ал учурда туугандарынын кароосунда. Үй-бүлө мүчөлөрүнө кол салган адамдар үйдөн 100 миң сом акча жана алтын, күмүштөрдү уурдап кетишкен.

Факты боюнча кылмыш иши ачылып, шектүү катары алгач Аламүдүн районунун 19 жаштагы Т.Н., 23 жаштагы К.В. жана 20 жаштагы Д.К. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышкан. Кийин Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын 20, 30, 32 жаштагы тургундары да бул окуяга шектелип кармалып Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
engel
2018-01-04 20:03:42
К.Н дебей балчайтып суротторун чыгарып койгулачы супер?! Акчасы бар экенин билген бироолор кылды да. Айбандар байкуш наристени энесиз калтырышты
+6
Bars111
2018-01-05 03:15:08
engel,Мыйзам боюнча "Шектүүнүн" аты жөнү эч еачан толук айтылбайт. Качан гана кылмышы далилденгенден кийин айтылат."Шектүү" менен " "Кылмышкер" экөөнүн ортосунда өтө чоң айырма бар.
+1
Farhad.baku
2018-01-04 20:12:43
Эл корсун уксун аттарын толук жазгылада коркпой эле
+7
Zainidin96
2018-01-04 22:04:30
Farhad.baku,кудай сактасын
-1
Matahara1980
2018-01-05 00:17:56
Жалан бекерпоздор турбайбы, акмактар, алты саны аман болгондоюн иштеп акча табышпайбы, бироонун меенетине коз артпай арам тамактар
+2
admin_superstan
2018-01-05 13:23:48
MOSKVICH, этика нормаларын сактаңыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан