Тайырбек Сарпашев жабылып калган “Сентябрь” телеканалын сотко берди

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Тайырбек Сарпашев жабылып калган “Сентябрь” телеканалын сотко берди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына каналдын мурдагы жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди. Доо арызда "Ар-намысты, ишкерлик беделди коргоо жана моралдык зыянды компенсациялоо" деп жазылган.

"Жаӊы жылдан кийин эле доогер Тайырбек Сарпашевдин атынан “Сентябрь” телеканалын сотко берген маалымкат алдык. Сотко чакыруу кагазы каналдын Жалал-Абаддагы кабарчысы болгон Талгат Бакиевдин дарегине келиптир. Бирок биз доо арыз менен тааныша элекпиз", - деди Урумканова.

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунан жөнөтүлгөн чакыруу кагазында көрсөтүлгөндөй, жоопкер катары “Сентябрь” каналынын тийиштүү кызматкерлери, Абдылда Капаров (Ош облустук ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы - ред.) 10-январь күнү саат 15:00гө сотко келүүсү керек деп жазылган.

"Капаровдун Жалал-Абаддагы “Сентябрь” каналынан Сарпашев тууралуу эмне деп сүйлөгөнүн билбейм. Себеби түз эфир Кыргыз өлкөсү санариптик берүүгө өтө элек кезде, тактап айтканда, аналогдук берүүдөн чыккандыктан Жалал-Абадда эле көрсөтүлгөн. Кийин кайталоо дагы кеткен эмес. Мыйзам боюнча бир дагы редакция же ЖМКлардын жетекчилери түз эфирде кеткен берүүгө жооптуу эмес. Анткени түз эфирде ким, эмне деп сүйлөп жиберери белгисиз", - деп кошумчалады ал.

Айта кетсек, Башкы прокуратура сотко 2016-жылдын 29-сентябрында Абдылда Капаров аттуу жаран Жалал-Абадда "Сентябрь" телеканалына 2010-жылдагы Ош окуясы тууралуу маек берип жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган пикирин айтканын жүйө келтирип телеканалды жабуу өтүнүчү менен Биринчи Май райондук сотко кайрылган. Сот Башкы прокуратуранын өтүнүчүн карап, 2017-жылы 22-августта каналдын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Чечим күчүнө киргенден кийин аталган канал ишмердүүлүгүн токтоткон.
2017-жылдын 27-декабрында Жогорку Соттун соттук коллегиясы канал жетекчилигинин райондук соттун чечимине нааразы болгон арызын карап, жыйынтыгында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Akjolmaga
2018-01-04 22:50:12
Ашанын командасында вообще эле бет жок.
Бул өзү эмне үчүн соттолбой жүрөт??????
+17
Akjolmaga
2018-01-04 22:50:52
Сарпашев????? ашага канча миллион доллар бердиң а????
+10
Alinur96kg
2018-01-04 22:50:58
Бул озу давно эле соттолуш керек эле го.
+16
Osh3015
2018-01-04 23:15:37
20кытайга паспорт берген ушул Сарпашев беле.
+16
Shokoladka94
2018-01-04 23:21:09
Сага эмне жок эми, бироого жаккын келсе противниктерине асылып. Жабылган каналдан дагы эле коркосунарбы?
+5
Nurik1988
2018-01-04 23:35:30
Элге ачыгын айтып чыккан тв ларды жабып соттоп не силерди суйлоп чыкса чындыкты суйлоп атат негизи тайырбек сага кылмы ишин козгош керек
+10
Real.88
2018-01-04 23:41:13
Ашаны коруп,
Бул дагы сотко барган го эптеп милион ондуруп алайын деп.
+10
Medinaa
2018-01-04 23:43:03
Сарпашев озу качан соттолот экен?
+9
muslim87
2018-01-04 23:51:14
Кыргызда жыгылганды теппе деп коёт. Жабылган каналды сотко берип күч алган экен булдагы. Эмне бороондо күчөйт дечү эле таппай жатам. Ушунча убактан бери эмнеге сотко бербеди. Бийлик жапкандан кийин берип жатат, демек бийлик Сентябрь каналын жаман көрөт менин пайдама чечип акча өндүрүп берет дегенго. Же бийликке жагыныштын бир жолу.
+10
Nurkyz1977
2018-01-05 10:03:12
Ой чыныгы жеп жутар ушул адам. Озу эмне кылыптыр? Оз элине эмне жакшылык кылыптыр? Жузу жок адамдар кандай кадамга барса да ойлонбой туруп барат. Элди эки экиден уруштуруп акча,арак таратып депутат болбоду беле? Ал кундор эсинен чыгып кеткен го чамасы. Тайыр озу суттой ак,суудай таза бекен?
+4
Ferdews
2018-01-05 11:17:55
Чекеден сого тургандарда,куйгузушту го ушулар.
+2
Arlenchik
2018-01-05 12:49:27
Бул озу качан эле соттолуш керек эле, бир нече убакыттан бери мамлекеттик кызматта иштебей калып жей калчу баягы майкол суткол жок анан каналды сотко бере коюп бир деме ондуруп алайын деп аткан го.
0
Kirajsjk
2018-01-05 21:18:30
Ushu sarpashev takir jakpait,bizdin ayildan bolot,birok kiyratkan iwi jok jasagan..
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан