Орусияда 31 окуучуну ташып бара жаткан автобустан өрт чыкты

Санкт-Петербургда балдарды ташыган туристтик автобус өрттөндү. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазды.

Маалыматка ылайык, автобуска 31 окуучу отуруп, унаа жүрүп баштаганда анын ичин түтүн каптап өрт чыккан. Өрттөнүп баштаган унаадан бардык окуучулар өз учурунда эвакуацияланган.

Автобус 31 окуучуну Барнаулдан алып келе жаткан. Андагы балдар Москвадан бүгүн, 4-январда эртең менен Петербургга келишкен. Андан соң аларды күтүп алган адамдар автобус менен экскурсияга алып чыккан.

Маалыматта белгиленгендей, автобус 14 мүнөттүн ичинде толугу менен күйүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Benazir08
2018-01-04 21:30:04
Кудай аай балдар аман калыптыр эээ ата энелери кандай умут мн кутуп атты эле. Тынч эле бололучу
+6
Kirajsjk
2018-01-05 00:14:37
Moskvada ort aiabai kop bolup kettigo.Kudai ozun daktai kor..mekendeshteribiz baari oshol jakta.
0
Man87
2018-01-05 03:26:55
Кайда болсок да жаратканды унутпайлы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан