Бишкектеги Кытай элчилигиндеги жардырууга карата райондук соттун чыгарган чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту Кытай элчилигиндеги жардырууга карата райондук соттун чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

2017-жылдын 27-июнунда Биринчи Май райондук соту жардырууга шектелген Хасамидин Исмаиловду 18 жылга, Хикматилло Абдулажановду 10 жылга жана Күназим Мансированы 10 жылга эркинен ажыраткан. Соттун чечиминде Исмаилов менен Абдулажанов жазасын күчөтүлгөн тартиптеги абактарда, Мансирова аялдар абагында өтөй турганы белгиленген. Ошондой эле алардын мүлктөрү конфискацияланмак. Эркинен ажыратылгандардын жактоочулары тергөө бир тараптуу жүргөнүн белгилеп, сот чечимине нааразы болушкан.

Айта кетсек, 2016-жылы 30-август күнү Бишкектеги Кытай элчилигинин батыш тарабындагы дарбазага Мицубиси Делика унаасы катуу ылдамдыкта сүзүп кирип жарылган. Натыйжада жарылган унаанын ичиндеги жанкечти-террорчу каза болуп, эки күзөт кызматкери жабыркаган. УКМК жардырууга буюртма бергендер Сирияда согуштук аракеттерге катышып жүргөн “Жабхат ан Нусра” жана “Жамаат Таухид ва жихад” тобунун мүчөлөрү экенин билдирип, 5 адамды камакка алган. Ошондой эле 4 адам издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан